Жасалма акча каражатын саткан адам кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.
Бишкек шаарынан 15 миң доллары өлчөмүндөгү жасалма акча каражатын сатууга аракет кылган 1955-жылы туулган А.М. кармалды.
Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР кылмыш-жаза кодексинин 225-беренесинин 2-б., 1-п. (Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Кармалган адам УКМК Тергөө камак жайына киргизилди.