22:35
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

Түркия менен келишим ишке ашкан жок. Эмгек визасы 80 долларга чыкты

Түркияга эмгек визасынын наркы 80 долларга жетти. Бул тууралуу 24.kg агентигине иш менен камсыз кылуучу жеке менчик агенттиктердин ассоциациясынын төрагасы Шерболот уулу Аскарбек билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан менен Түркия ортосунда эмгек визасын 30 долларга түшүрүү келишими ишке ашкан жок. Ал макулдашуу 2019-жылдын 15-майында күчүнө кириш керек эле. Түркияга ишке жөнөгөн кыргызстандыктар визаны жалпысынан 80 долларга сатып алууда.

«Түркиянын элчилиги иштөөгө уруксат алуу сунушун карабайт. Кыргызстанда бир эле компания документтерди кабыл алат. Алардын кызматы өзү эле 50 доллар болууда», — дейт Шерболот уулу Аскарбек.

Анын маалыматында быйыл 15 миңдей кыргызстандык виза алмакчы.

Тышкы иштер министрлигинин түшүндүрмөсүнө караганда, 80 доллар — бул баардык документтерди топтоо үчүн кеткен каражат. Негизи эмгек визасы — 30 доллар болсо, визалык борбордун комиссиялык жыйымдарына (аутсорсинг кызматы) 50 доллар берилет. 

Эң көп окулган жаңылыктар