04:24
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

Бишкекте Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелиги тургузулат

Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелиги тургузулат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы эстеликти даярдоо үчүн тендер жарыялады. Бул үчүн 3,5 миллион сом коротулат.

Эстелик колодон жасалышы керек. Металлдын калыңдыгы 1 сантиметрден кем болбошу шарт. Баанын ичине аныкталган жерге чейин барып келүү чыгымдары, ташуу, баардык салык төлөмдөрү жана башка чыгымдар кирет.

Эске салсак, Советтер Союзунун Баатырынын ысымын эс алуу жайларынын бирине берүү пландалууда.

Эң көп окулган жаңылыктар