23:49
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Баткенди колдоо митинги. Нааразы жак Жеңиш Разаковдун отставкасын талап кылышты

Бүгүн Бишкекте кыргыз-тажик чек арасындагы жанжалга байланыштуу митинг өтүп жатат. Акцияга Баткен облусунун тургундары жана жарандык активисттер катышууда.

Баткендиктер бийликтен Кой-Таш айлынын кармалган тургундарын бошотууну, жергиликтүү тургундарга басым көрсөтпөөнү талап кылышууда.

«Облус башчысына эч нерсе чече албаган кишини дайындап коюшту. Бизге Тажикстандын бийлиги менен тең ата сүйлөшө алган күчтүү жетекчи керек. Биздин айрым аткаминерлер коңшулардын кызыкчылыгы үчүн иштеп жаткандай сезилет», — дейт митингдин катышуучусу. 

Нааразычылык акциясында өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров менен вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду кызматтан кетирүү талаптары айтылды.

«Жеңиш Разаковго ишеним жок. Ал отставкага кетиши керек», — дешет нааразы тарап.

Эске салсак, 10-январга караган түнү саат 00:40 чамасында Баткен районунун Орто-Боз айылынын Жака-Өрүк участкасы аркылуу өткөн Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда Кара-Бак айылынын тургуну М.С.га таандык болгон «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаасына тажик жарандары тарабынан таш ыргытылып, терезелерин талкалап салышкан.

Буга чейин кыргыз өкмөтү кырдаал тынчыганын, ыкчам кырдаал толугу менен көзөмөлдө турат деп маалымат тараткан. Тажикстандын УКМКсы дагы чек арадагы жаңжал тууралуу өз версиясын айткан.

Тажик тарапка Кыргызстандын ТИМи кезектеги нааразычылык нотасын тапшырган.

Эң көп окулган жаңылыктар