11:12
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Тажик тарапка Кыргызстандын ТИМи кезектеги нааразычылык нотасын тапшырды

Тажик тарапка Кыргызстандын ТИМи кезектеги нааразычылык нотасын тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде Тажикстандын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү (консулу) менен сүйлөшүү жүргүзүлдү. Тажикстандын жарандары тарабынан кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абалды туруксуздандырууга алып келүүчү уланып жаткан деструктивдүү жана чагымчыл аракеттерге байланыштуу, тажик тарапка Кыргызстандын ТИМи кезектеги протест билдирүү нотасын тапшырды.

«Ошондой эле кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяга байланыштуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Анда Тажикстандын жарандары тарабынан ок атуучу курал колдонулгандыгына, ошондой эле Кыргызстандын жарандарынын унааларына таш ыргытылгандыгына байланыштуу тынчсыздануу билдирилди», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума