14:26
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Чек ара жаңжалы. Көк-Таш айылынын тургундары бир айга камакка алынды

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин кармалган Көк-Таш айылынын тургундары бир айга камакка алынды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ОИИББдан билдиришти.

Чечимди кечээ Кадамжай райондук соту кабыл алган.

Нурбек Сапарбаев, Үсөн Сапарбаев, Зайнидин Бердиев жана Улукбек Сапарбаев 11-январда кечинде кармалышкан. Облустук милициядан билдиришкендей, алар чек ара жаңжалындагы чагымчылыкка шектелүүдө.

Эске салсак, 10-январга караган түнү саат 00:40 чамасында Баткен районунун Орто-Боз айылынын Жака-Өрүк участкасы аркылуу өткөн Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда Кара-Бак айылынын тургуну М.С.га таандык болгон «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаасына тажик жарандары тарабынан таш ыргытылып, терезелерин талкалап салышкан.

Буга чейин кыргыз өкмөтү кырдаал тынчыганын, ыкчам кырдаал толугу менен көзөмөлдө турат деп маалымат тараткан. Тажикстандын УКМКсы дагы чек арадагы жаңжал тууралуу өз версиясын айткан.

Тажик тарапка Кыргызстандын ТИМи кезектеги нааразычылык нотасын тапшырган.

Эң көп окулган жаңылыктар