14:04
USD 87.00
EUR 90.43
RUB 0.88

Оң рулдуу унааларды пайдалануу мөөнөтүн узартуу. Депутат түшүндүрмө берди

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов оң рулдуу унааларды пайдалануу мөөнөтүн эмне үчүн узартуу керектиги тууралуу пикирин билдирди.

Анын айтымында, 4-5 жыл мурун өлкө аймагына оң рулдуу унааларды алып келүүгө тыюу салынган. Ал эми буга чейин алынып келинген оң рулдуу унааларды пайдалануу мөөнөтүн 2020-жылдын 1-июнуна чейин узартышкан. «Кыргызстанда оң рулдуу унаалар миңдеп саналат, алардын абалдары жакшы, мындан ары да пайдаланууга жарактуу. Аларды биздин жарандар сатып алышкан. Мындан улам биз дагы 5 жылга узартуу үчүн мыйзам долбоорун даярдап жатабыз. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 1-январдан баштап жарандарды токтотуп, кыйнабасын деп эскертип коеюн дедим», — деди Иса Өмүркулов.

Эске салсак, Кыргызстанга оң рулдуу унааларды алып кирүүгө жана каттоого 2015-жылдын 3-июнунда тыюу салынган.

Эң көп окулган жаңылыктар