УКМК: Журналисттик иликтөө боюнча сотко чейинки өндүрүш уланат

10:31, 06 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Мекемелер аралык тергөө тобу Башкы прокуратура тарабынан «Киши өлтүрүүгө аракет жасоо» беренеси менен катталган иш боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзөт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, иш боюнча күбө катары Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Дүйшөн Төрөкулов, экс-депутат Ширин Айтматова, Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку орун басары Раимбек Матраимов сурак беришти.

«Кыргызстандын Стамбул шаарындагы экс-консулу Эркин Сопоковдун катышуусунда тергөө иштери жүргүзүлүп, ал атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына камалды. Мындан тышкары «Азаттыктын» журналисттери Али Токтакунов жана Ыдырыс Исаков күбө катары суракка чакырылышкан. Тергөө объективдүү жана ар тараптуу өтүшүн камсыз кылуу максатында иликтөө калыс жүргүзүлүп жатат», — деп билдиришти УКМКдан.

Журналисттик иликтөөгө байланыштуу 29-ноябрда Райымбек Матраимов УКМКда беш сааттан ашык сурак берип чыкты. Ага чейин Матраимов өзүнө байланыштуу бардык суроолорго жооп берүүгө даяр экенин, «Азаттык» радиосунун иликтөөсүндө айтылган маалыматтар туура эмес экенин кошумчалап, актыгын далилдей аларын белгилеген.

Эске салсак, буга чейин Искендер Матраимов Стамбул шаарында өлтүрүлгөн Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча парламентте түзүлгөн комиссиянын курамынан чыккан.

Белгилей кетсек, «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» иликтөөсүнүн экинчи бөлүгүн «Азаттык», Kloop жана OCCRP менен ишке ашырып жарыялаган эле. Анда Айеркен Саймаити Стамбулда октябрь айында жолугушуп, маек курганы айтылат. Бирок, Матраимовдорго тиешелүү «Исмаил Ата» фондуна которгон акчалар боюнча документтерди бере албай калгандыгы маалымдалат. Маекте Саймаити Кытайдан алынып келинген товарлар кыргыз бажысында арзан баада катталып өтүп турганын айтат. Ал үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын мурдакы төрагасы Раимбек Матраимов акча алып турган.