21:48
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Райымбек Матраимов укук коргоо органдарынын суроолоруна жооп берүүгө даяр

Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов Кыргызстанга келип укук коргоо органдарынын суроолоруна жооп берүүгө даяр. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун соцтармактагы баракчасына анын иниси жарыялаган билдирүүсүндө айтылат. 

Райымбек Матраимов «Азаттык», Kloop жана OCCRP тарабынан анын дарегине карата иликтенген маалыматты четке кагып, бул сайсий оппоненттердин колунан келген иш деп эсептейт. 

«Акыркы 2 жылда айрым саясий күчтөр мени каралаш үчүн такталбаган маалыматтарды таркатып жатышат. Мен бул токтоп калат деген үмүттө болчумун, бирок мени каралаган акция жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Айрым журналисттер бул сайсий күчтөрдүн куралына айланды. Эгер алар кечээ мени баардык экономикалык көйгөйлөрдүн себеби катары көрсөтүп жатышса, бүгүн болсо көө жаап, абдан коркунучтуу кылмышка айыптап жатышат", - деп айтылат билдирүүдө. 

"Мени кызмат ордума кайра коюу боюнча сот чечиминен соң өз каалоом менен Бажы кызматына кайра барбоону чечкем жана тынч жашоо максатында бизнес менен алектенейин деп чет өлкөгө кеткен элем. Ошентип сыртта жүргөн учурда мени каралоо акциясына бейөкмөт, коомдук уюмдарды да кошууга үлгүрүшүптүр. Ошол саясий топтор эми жаштарды жана өз өлкөсү үчүн күйгөн жарандарды азгыруу аркылуу аларды саясатта курал катары колдонуп жатышат. А мен тууралуу »Азаттык” айтып жаткан маалыматтардын баары жалган жана иш-аракеттери туура эмес. Мен өзүмдүн ал иштерге тиешелүү эмес экенимди кайсы жерде болбосун далилдей алам. Жалган жалаа, калп маалыматтарды таратуу аркылуу мени курулай жаман көрсөтүү аракетинен улам коомчулукта азыр мага байланыштуу ар кыл пикирлер, уу-дуу кептер тарап кетти. Ушундан улам мен өз өлкөмө кайтып келүү чечтим. Мага байланышкан кандай суроо болсо, ошонун ичинде укук коргоо органдарында, мен жооп берүүгө даярмын", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Искендер Матраимов Стамбул шаарында өлтүрүлгөн Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча кечээ парламентте түзүлгөн комиссиянын курамынан чыккандыгын дагы билдирди. 

Белгилей кетсек, «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» иликтөөсүнүн экинчи бөлүгүн «Азаттык», Kloop жана OCCRP менен ишке ашырып, кечээ түнү жарыялады. Анда Айеркен Саймаити Стамбулда октябрь айында жолугушуп, маек курганы айтылат. Бирок, Матраимовдорго тиешелүү «Исмаил Ата» фондуна которгон акчалар боюнча документтерди бере албай калгандыгы маалымдалат. Маекте Саймаити Кытайдан алынып келинген товарлар кыргыз бажысында арзан баада катталып өтүп турганын айтат. Ал үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын мурдакы төрагасы Раимбек Матраимов акча алып турган.

Эң көп окулган жаңылыктар