«Фейсбуктун» колдонуучусу Курбан Идыров Бишкектеги Байтик Баатыр көчөсүндөгү көпүрөгө жазылган жазууга нааразычылыгын билдирди. Ал сүрөттү баракчасына жайгаштырды.
«Бул вандалды таап, түзөтүү жумуштарына салса болобу?», — деп суроо салган ал.
Сүрөттө dzumabeekov деп жазылып турат. «Тазалык» ишканасынын басма сөз катчысы бул маселени чечерин айтты.