Ош облустар аралык бириктирилген оорукананын төрөт бөлүмүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Алдын ала маалыматка караганда, 7-октябрдан 2-декабрга чейин оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлөт.
Оңдоо иштери жүргүзүлүп жатканда кош бойлуу айымдар Өзгөн, Ноокат, Кара-Суу, Нариман жана Араван аймактык ооруканаларынын төрөт бөлүмдөрүнө жиберилет. Ошондой эле кош бойлуулар үчүн Ош шаардык клиникалык оорукананын төрөт бөлүмүнүн эшиги ачык болот.