USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Сокулук районунда тургун аялын балталап өлтүрдү

17:55, 02 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда тургун аялын балталап өлтүрдү. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 30-сентябрда Биринчи Май айылында адам өлүмү тууралуу билдирүү келип түшкөн. Үйлөрдүн биринен 43 жаштагы аялдын зордолуп өлтүрүлгөн денеси табылган.

Аталган кылмышка шектелип маркумдун күйөөсү 51 жаштагы И.Б. кармалды. Ал аялы уктап жатканда аны балта менен чаап өлтүргөн. Андан кийин 8 жаштагы уулун кошунасыныкына алып барып, адам өлтүргөндүгүн мойнуна алып кетип калган.

И.Б. Бишкектеги № 1 тергөө абагына киргизилди. Сотко чейинки өндүрүш уланууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика