СССРдин эл артисти, композитор жана дирижёр Калый Молдобасановдун 90 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 28-сентябрда министр Азамат Жаманкулов баштаган маданият мекемелеринин жетекчилери, кесиптештери, туугандарынын катышуусу менен Ала-Арча көрүстөнүндө маркумдун эстелигине гүл чамбар коюлуп, куран окутулат.
Мааракелик иш-чара саат 14:00дө Улуттук филармонияда уланат.
Калый Молдобасанов 1929-жылы Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Терек айылында туулган. 1954-1972-жылдары Кыргыз опера жана балет театрында дирижёр, башкы дирижёр болуп эмгектенген. Ал 2006-жылы 77 жаш курагында дүйнө салган.