05:31
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Депутаттардын министрге талабы: алгебра, туура жазуу, адабий тилде сүйлөө

Бүгүн Жогорку Кеңеш билим берүү министрлигине көрсөтүлгөн Каныбек Исаковдун талапкерлигин карады. Аны буга чейин парламенттин эки комитети колдогон. Жыйында депутаттар тарабынан кызыктуу жана тамашалуу суроолор берилди.

Косинум эмнеге барабар?

Депутат Дастан Бекешев 60 градустагы косинус эмнеге барабар деген суроо узатты. Белгилей кетсек, кечээ социалдык түйүндүн колдонуучулары ушундай суроо беришкен.

«Кечиресиз, мен кыргыз филологиясы тармагында адисмин, бул суроого жооп бере албайм», -деди Каныбек Исаков. Дастан Бекешев бул суроону берген себебин, мектеп программасында косинусту эмне себептен үйрөтүлүп жатканын эч ким түшүнбөй жана түшүндүрүп бере албаганын айтты.

«Мен сизди түшүнүп турам. Мектеп программалары оптимизацияланат жана жакшыртылат», — деди Каныбек Исаков.

«Эки ката кеп эмес»

Депутат Аида Касымалиева жалпы элдик диктант уюштурууну сунуштады. Ал элдин сабатсыздыгын жоюуга чакырды.

Эскерте кетсек, Гүлмира Кудайбердиеванын учурунда мектеп окуу китептеринен баштап, министрлик өткөргөн иш чаралардагы баннерлерде дагы ката табылган. Мурдакы билим берүү министри «эки ката кеп эмес» деген билдирүүсү менен элдин эсинде калды.

Мугалимдердин үй-жайы дагы министрдин мойнунда

Билим берүү министрлиги жаш мугалимдерди жергиликтүү бийлик тарабынан колдоого алуу маселесин көзөмөлдөшү керек деди. Ал мугалимдер үчүн үй салынышы керектигин баса белгиледи. Ошондой эле ал тажрыйба алмашуу үчүн чет элдик мугалимдерди тартуу боюнча пилоттук долбоорду күчөтүү зарыл экенин айтты.

«Ош облусунда 17 мугалим Орусиядан келип окутуп жатышат. Ош облусунда гана эмес, Нарында дагы ушундай долбоорлор иштеши керек», -деди Аида Касымалиева.

Тилчиге эне тилдин милдети артылды

Дагы бир депутат Эмил Токтошев Бишкектеги мектептерде кыргыз тилинин сааты кыскарып жатканын айтып, болочок министрге буга көңүл бурууну сунуштады.

Адабий тилде сүйлөңүз

Кечээ комитеттин жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев Каныбек Исаковду кыргыз тилинде туура сүйлөөгө чакырган. Ал эл аралык жыйындарда, чет иш сапарларында адашпас үчүн кагаздан окууну сунуштаган. Андан тышкары, адабий тилдин эрежелерин сактоону сунуштаган.

Каныбек Исаков 2011-жылдан бери ОшМУда ректор болуп иштеп келген.

Эске салсак, 4-сентябрда мурунку министр Гүлмира Кудайбердиева отставкага кеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар