17:56
USD 87.00
EUR 90.59
RUB 0.87

«Бузуулардын бирдиктүү реестри» тутумуна 205 миң 603 бузуулар катталды

2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында Ички иштер министрлиги тарабынан «Бузуулардын бирдиктүү реестри» тутумуна 205 миң 603 бузуулар катталды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен эскертүү — 8 миң 577, жалпысынан 197 миң 26 бузууларга жаза чаралары колдонулган.

Эске салсак, министрлик тарабынан, 2019-жылдын 1-январынан баштап «Бузуулардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык тутуму ишке киргизилген.

Эң көп окулган жаңылыктар