Бишкекте 7-кичи райондо «Баардыгы үчүн музыка» деген музыкалык аянтча ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган жайга отургучтарды жана каалоочулар ойной турган пианино орнотушту.
«Бул жайга шаардыктар жана меймандар чогулуп музыкалык жайкы кечелерди өткөрө алышат», -деп айтылат маалыматта.