Баткен облустук ооруканасында кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркаган 8 бейтап жатат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бейтаптардын абалы туруктуу. Калган жабырлануучулар үйлөрүнө жиберилди.
Буга чейин өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү жабыркагандар 5 миң сомдон кенемте алышат деп билдирген болчу.
Эске салсак, 22-июлда кыргыз-тажик чек арасында кезектеги жаңжал болгон. Тажикстандык жарандар «Ворух» жазуусунун жанына байрак орнотууну чечишкен. Бул Кыргызстандын жарандарынын нааразычылыгын жараткан. Тараптар бири бирине таш ыргытып, ок чыгарышкан.

