Сооронбай Жээнбеков чек арадагы Ак-Сай айылына барды. Ал Тажикстандын Исфара шаарына бара жатып айыл тургундары менен жолугушту.
Президент укук коргоо органдарына, Куралдуу күчтөргө, бардык министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине тийиштүү тапшырмалар берилгенин эске салды.
«Тажик тарап менен биргеликте көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында кырдаал турукташты. Баткен облусунун чек ара аймагына Ички иштер органдарынын жана Мамлекеттик чек ара кызматынын кошумча күчтөрү жиберилди. Өткөндөгү силер менен жолугушуудан кийин бул иш ыкчам түрдө аткарылганын өзүңүздөр көрүп турасыздар. Эми чек ара аймактарын көзөмөлдөгөн патрулдук иш туруктуу негизде жүргүзүлөт. Чек ара толугу менен биздин көзөмөлдө турат», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
«Сиздердин коопсуздугуңуздар жана өлкөнүн кызыкчылыктары биринчи планда болот. Азыркы учурда бардык чек ара маселелерин чечүү боюнча иштерди активдүү жасап жатабыз. Мен, Өкмөттүн жетекчилери — Тажикстандын жетекчилери менен туруктуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Кечээ эле Жогорку Кеңештин Төрагасы, Премьер-министр жана айрым мамлекеттик органдардын жетекчилери катышкан жумушчу кеңешме өткөрдүм. Кеңешменин жыйынтыгында жакынкы убакта социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулушун баштоо боюнча чечим кабыл алынды», — деп айтты Мамлекет башчысы.
Ал ушул жылдын август айында өрт жана куткаруу кызматтарын жайгаштыруу үчүн имараттардын курулушу аяктап, эки адистештирилген транспорт берилерин жана эки жуманын ичинде чек арага жакын жайгашкан аймактардын жашоочулары тез жардамдын жаңы автомашинасы менен камсыз болорун белгиледи.

