07:58
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Сооронбай Жээнбеков 26-июлда Тажикстанга барат

Сооронбай Жээнбеков 26-июлда Тажикстанга барат. Бул тууралуу өлкө башчысынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, Эмомали Рахмон менен мурда белгиленгендей жолугушуу Исфарада өтөт. Президенттер сүйлөшүүсүнүн экинчи бөлүгүн Чолпон-Ата шаарында улантышат.

Эскерте кетсек, 22-июлда кечке жуук Баткен облусунун Баткен районунун Тажикстандын Ворух эксклавы менен кесилишкен аймагында чатак чыгып, ок атышуу болгон. Анда бир киши набыт болгону айтылууда.

Баткендин Ак-Сай районунун тургундары Ворух айылынын жашоочуларынын айыл четине байрак илүүсүнө каршы чыгышкан. Кагылышууда Кыргызстан тараптан 14 киши жаракат алды. Алардын бешөө жергиликтүү тургундар.

Эң көп окулган жаңылыктар