09:26
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Ак-Сайдын тургундары үйлөрүнө кайтып жатышат

Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары үйлөрүнө кайтууда. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Баткен шаарындагы 5 пунктка жайгаштырылган айыл тургундары бүгүн үйлөрүнө жеткириле баштады.

Ак-Сайдын тургундары кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан кийин Баткен шаарындагы кесиптик лицейдин, эки орто мектептин жана медресенин имаратына жайгаштырылган.

Эки тараптын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында Исфана-Баткен, Исфара-Ворух жолдору ачылды.

Эң көп окулган жаңылыктар