Исфана-Ош жана Исфара-Ворух жолу ачылды. Бул тууралуу чек ара кызматы маалымдайт.
Учурда кыргыз-тажик чек арасында ахыбал туруктуу.
Чек ара кызматы Баткенде күчөтүлгөн тартипте иштөөнү улантууда.
Эскерте кетсек, 22-июлда кечке жуук Баткен облусунун Баткен районунун Тажикстандын Ворух эксклавы менен кесилишкен аймагында чатак чыгып, ок атышуу болгон. Анда бир киши набыт болгону айтылууда.
Баткендин Ак-Сай районунун тургундары Ворух айылынын жашоочуларынын айыл четине байрак илүүсүнө каршы чыгышкан. Кагылышууда Кыргызстан тараптан 14 киши жаракат алды. Алардын бешөө жергиликтүү тургундар.

