09:31
USD 87.45
EUR 101.80
RUB 1.14

Кореянын премьер-министри расмий сапар менен Кыргызстанга келди

Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён расмий сапары менен Кыргызстанга келди.  

Ли Нак Ён 50дөн ашуун корея компаниясынын катышуусунда кыргыз-корея бизнес-форумуна, «В2В» түрүндөгү жолугушууларга катышат. 

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар соода, айыл чарба, саламаттык сактоо, тоо-кен тармагы, туризм, энергетика, транспорт, текстилдик өнөр жай, маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө багытында кызматташууну мындан ары карай өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.

Эң көп окулган жаңылыктар