15:06
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Кара-Суу районунда унаалар сүзүшүп, 1 киши каза болду

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда 2 унаа сүзүшүп, 32 жаштагы киши каза болду. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсыктан жабыркаган дагы 3 киши ооруканага жеткирилди.

«Кара-Суу районунун 1988-жылы туулган тургуну М.М. «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып, каршы тилкедеги «Хендай Портер» унаасы менен сүзүшкөн. Кесепетинен жанындагы киши окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми экинчи унаадагы 2 жүргүнчү ар кандай жаракаттарды алышкан. «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Ош облустар аралык клиникалык ооруканасына жеткирилген», -деп айтылат маалыматта.



Эң көп окулган жаңылыктар