Бишкек милициясы мектепти бүтүрүү кечесине карата күчөтүлгөн режимде иштейт. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти. Маалыматка караганда, коомдук тартипти 600дөн ашуун тартип сакчысы көзөмөлдөйт.
Мектептерде, оюн-зоок көңүл ачуу борборлорунда, эл көп жайгашкан жайларда кошумча мобилдик топ бекитилет.
Эске салсак, 9-класстын окуучулары аттестатты 21-июнда, 11-класстар 24-июнда колго алышат.