17:56
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Таабылды Тиллаев: Тажикстан кирип келсе дагы өкмөт оозун ачып олтурат

«Тажикстан Кыргызстанга кирип келсе дагы өкмөт оозун ачып олтурат», — деди Жогорку Кеңештин жыйынында ар кандай маселелер саатында депутат Таабалды Тиллаев.

Ал өкмөттү уктабай, кыргыз-тажик чек арасындагы ахыбал тыкыр көз салууга чакырды.

«Тажикстанда Ворух-Исфара унаа жолунун кыргыз чек арасына жакын бөлүгүндө реконструкциялоо иштери уланууда. Ошол жакта биздин аймакка кирип, 20 метр асфальт төшөп алгыча оозуңарды ачып отурсыңар. Азыр абал оор болуп турганда өкмөт уктабагылачы. Ишти так аткарсаңар», — деп нааразычылыгын билдирди эл өкүлү.

Тажикстан тарап Ворух аймагындагы такталбаган жерге асфальт төшөп баштаган.

Эң көп окулган жаңылыктар