Бишкек мэриясынын маданият башкармалыгы ачык асман алдында музыкалык кече уюштурат. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Концерт 21-июнда, саат кечки 7де Д.Асанов атындагы эс алуу жайында өтөт.
«Классика, эстрада жана элдик музыканын сүйүүчүлөрүнө шаардык муниципалитеттин симфониялык оркестринин катышуусунда жакшы иш-чара уюштурулат», -деп билдиришти мэриядан.