Түштүк дарбазадан Орто-Сай айылына чейинки Байтик Баатыр көчөсүнүн жөө кишилер өтө турган жолу өтө начар абалда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурман билдирди.
Айтымында, жол канал аркылуу өтөт, бир тарабына тосмо да орнотулган эмес.
«Бул жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер үчүн өтө кооптуу. Жөө адамдар өтө турган жол капиталдык ремонтко муктаж», -деди ал.

