01:31
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Депутат бала бакчалардын тамак-ашы үчүн ата-энелерден каражат алууну сунуштады

Депутат Экмат Байбакпаев «Мектепке чейинки билим берүү тууралуу» колдонуудагы Мыйзамды өзгөртүүнү сунуштады. Анын пикиринде, нормативдик каржылоо моделин киргизүү үчүн, укуктук негизди түзүп, ыйгарым укуктарды чектейт.

Маалыматка ылайык, ата-энелерге балдардын тамак-ашына жана аларды багуу каражаттарына кеткен чыгымдарды жабуу сунушталууда. Ал эми жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын моюнуна имаратты каржылоо жана ремонт иштери тагылмакчы.

Депутат сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча респонденттердин 62 пайызы балдардын тамак-ашын ата-энелер төлөшү керек дегенге макул дейт. Сумма күнүнө 36 сомдон 75 сомго чейин айтылууда.

Билдирүүгө ылайык, бүгүнкү күндө жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу уюмдары Билим берүү жана илим министрлигинин макулдугу жок мектепке чейинки билим берүү уюмдарын ачып жатат. Персоналдарды каржылоо республикалык бюджетке түшүүдө. Жергиликтүү бюджеттен акчаны мектепке чейинки балдар үчүн тамак ашына нормадан 50 пайыз өлчөмүндө коротушууда. Тактап айтканда, күнүнө 18 сомдон каралууда. Ошондой эле, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин инфраструктурасын каржылоого каражат кетип жатат.

«Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу тууралуу» Мыйзамда тармактын кеңейишине жооптуу болгон функциялар жазылган эмес. Мындан тышкары мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын иштөө шарттарын жакшыртуу, 3 саатка созулган кыска мөөнөттүү топторду ачуу каралган эмес.

Кыргызстанда 1 миң 497 мектепке чейинки билим берүү уюмдары бар, анын ичинен 1 миң 325и мамлекеттик жана муниципалдык, калганы жеке менчик.

Эң көп окулган жаңылыктар