Ош шаарындагы «Жаштык» лагерин ижара шартында убактылуу пайдаланууга берүү боюнча конкурс токтотулду. Бул тууралуу каала мэриясынан билдиришти.
Мэрия лагердин жеке менчикке сатылып кеткендиги тууралуу маалыматты четке кагат.
«Ош шаарында муниципалдык менчикте турган 1 метр квадрат жер да сатылбайт. Биз балдардын эс алуучу жайын жоготпойбуз. Колдон келишинче оңдоо аракеттерин көрөбүз. Балдар-биздин келечегибиз», — дейт мэр Таалайбек Сарбагышов.
Буга чейин шаардын активисттери лагердин жеке менчикке сатылып жатканын айтышкан. Алардын айтымында, лагердин аймагын Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев алып жатат.

