Кыргыз Республикасынын Эл артисти, театр жана кино артисти, куудул, обончу Күмөндөр Абылов быйыл 61 жашка чыгат.
Бул жолу каарманыбыз 24.kg агенттигине Энелер күнүнө карата апасын, 25-май —Акыркы коңгуроо күнүнө карата биринчи мугалимин эскерип, саясаттан кеп кылды.
Апам менен согуштан келгендей учурашып...
6 жаштагы бир окуя такыр эсимден кетпейт. Нарын суусун көрө элек кезде чоң байкелерди ээрчип кетип калдым. 3 чакырым алыстыкта болчу. Дарыянын бир жак жээги тосулуп, чакан көл бар эле, ага балдар түшчү. Мен коркуп сууга түшпөй чекесинде турсам, алыстан бир үн угулуп калды. Жанымдагылар: «апаң келатат» деп калышты. Тээ алыстан апам мени сууга агып кетет деп коркуп аркамдан ээрчип келиптир. Апам ыйлап алган, мен дагы ыйлап алдынан тосуп чуркадым. Экөөбүз кучакташып, согуштан келгенсип учурашканыбыз эсимде. Айылга апам аркасына көтөрүп алып келген. Апамдын ошол абалын эстеп аяйм. Учурда апам 79да. Мени Күмөш деп эркелетет. Ал мени көп эле урушту, бирок өлүгүңдү көрөйүн деп урушчу эмес. Себеби, чоң апам катуу киши эле, ал кишинин көзүнчө сабай да, тилдей да алчу эмес.
Ууланганга машмын
Бала чакта ченде жок тентек болчумун. 2 жашымда, кийин 4-5 жашымда ууланганмын. Анын азабын апам тарткан. Бечел болуп 2 жашымда жаңыдан тамтуң басып жүрүп эшиктин алдындагы самоор тамызчу солярканы ичип алыптырмын.
5 жашымда айылдын чекесинде колхоздун буурчак талаасы бар болчу, жаңы бышкан дүмбүл буурчактарды таттуу болот деп быртылдатып жечүбүз.
Бир күнү талаага барып келбей калыптырмын. Анан издеп барса, оозуман ак көбүк атып жатыптырмын. Көрсө мурунку күнү учак менен чегирткеге каршы уу себишкен экен.
Эрмен деген чөптүн түбү сабизге окшош болот экен, айырмасы ийри-муйру, 2-3 ачакей болот. Жазында чыгып келатканда сабизге окшоштуруп ошону казып жеп ууланып, 10 күнгө жакын ооруканада жатып чыкканмын. Жалгыз жатпай таякемдин мени менен тең кызы да кошо жаткан. Экөөбүз эки жактан «жылан келатат, бака келатат!» деп кыйкырабыз. Көрсө көздүн чечекейи чоңоюп кетип, ар нерсе көрүнгөн экен.
Кийин апийимге да ууландым. Айылда апийим эгишчү. Мен интермедиямда да айтып калам, «муну жебе, жесең өлөсүң» десе, мен «өлгүчө жемек белем» деп кичине жеп койгом. Көрсө ал чоң эле доза экен.
Биринчи мугалим
Биринчи мугалимим Түпөл Макеналиевдин көзү тирүү, азыр 98ге чыкты. Ал киши менин ата-энемди да окуткан. Ден соолугуна байланыштуу согушка барган эмес. Мени 1-класста окуткан, бирок 3 ай окугандан кийин Нарын шаарына көчүп кеттик. Ал убакта шаардагы мектептер толуп калыптыр, ошол жылы уланта албай калдым. Кийинки жылы кайра 1-классты окумай болдум. Бир күнү менин биринчи мугалимим Нарынга барып калып, атама кезигип калат. «Уулуң кандай окуп жатат?» десе «Уулум кайра эле 1-класстан окуганы жатат» дейт. Агайым менин жакшы окуганымды билчү, андыктан «Жакшы окуган бала сабактарынан жетишет, теңтуштарынан калбасын. Андан көрө Учкунга алып барып кайра мага бер, 2-классты окутам. Кийинки жылдан баштап кайра бул жакта окуп алат» деген.
Мектепти 8-класска чейин жакшы окудум. Күбөлүктө бир дагы 3 деген баа жок эле.
Мактанып коёюн, окуп жүргөн кезде бозо, вино ичкен, тамеки тарткан жокмун. Ал кезде балдар вино ичишчү. Бирок, мугалимдер баары бир нерсе болсо эле менден көрүшчү.
Жер сатмак эмесмин. Президенттик кызмат тууралуу
2011-жылдагы президенттик шайлоодо 2 куудул ат салышканы жалпы журтка белгилүү.
Ал жылы куудулдардын бири Жамбыл Камчиев мага келип, «Бир депутат Күмөндөр экөөңөр президенттикке талапкерлигиңерди койгула деп атат, алгачкы взносун жана калган чыгымдарды төлөп жардам берем деп айтты», — деди.
Менин жеке оюмда, ал депутат куудулдарды шайлоого катыштыруу менен ошол кездеги убактылуу өкмөттү шылдыңдагысы келген. «Мына силер менен куудулдар ат салышат» деп көрсөтүү үчүн акчасын жумшаган.
Бирок, биздин кээ бир президенттердин ишинен Жамбыл деле, Борончу деле, мен деле өйдөрөк иш кыла алмакпыз. Биз жок эле дегенде жер сатмак эмеспиз, жок эле дегенде «жанагынча» жемек эмеспиз.