Бишкекте мектептерде ачылган лагерлерде 3,5 миң бала эс алат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, балдар лагери баш калаадагы 37 мектепте 3-июндан 28-июнга чейин иштей баштайт. Жеткинчектер саат 8ден 14:00гө чейин аталган жайда болушат.
Муниципалитет эс алууну каалагандардын тизмесин тактап жатат. «Лагерге келген балдар ийримдерге катышып, ар кандай иш-чараларга күбө болушат. Аларга маданий жүрүштөр, спорттук оюндар уюштурулат», -деп билдиришти мэриядан.
Ар бир лагерде медициналык кызматкер жана ШИИББнын өспүрүмдөр иши боюнча инспектор иш алып барышат.