18:55
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Балдар бакчаларында орундардын жетишсиздиги жетекчилерге жем ташташы мүмкүн

Бишкектеги балдар бакчаларында орундардын жетишсиздиги жетекчилерге жем ташташы мүмкүн. Бул тууралуу укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча парламентик комитеттин отурумунда депутат Искендер Матраимов айтты.

«Балдар бакчалары толуп калган, санитардык талаптарга да жооп бербейт. Бирок, бакча жетекчилиги пара алып кошумча балдарды жайгаштырууда», -деди ал.

Анын берген маалыматына ылайык, 2017-2018-жылдары Билим берүү түзүмүнө карата 119 кылмыш иши козголгон. Анын 22си боюнча иликтөө жүрүүдө. Ал эми 35 иш жабылган.

Эң көп окулган жаңылыктар