Бишкектеги Эмен багында өчпөс от жагылды. Бул тууралуу журналист Таалайбек Жумабек уулу Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, от 3 күн бою күйүп турат.
«Жеңиш күнүнүн алдында муниципалдык кызматтын кызматкерлери Кызыл гвардиячылардын мемориалын ирээтке келтиришти», -деп айтышты мэриядан.
Эске салсак, аталган эс алуу жайында советтик бийлик үчүн курман болгонКызыл гвардиячылардын мемориалы орун алган. Эстеликтин батыш тарабында 1970-жылы Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгондорго арналып өчпөс от орнотулган.

