13:19
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Кыргызстанда 3 касапкана адал стандарты боюнча иштейт

Кыргызстанда 3 касапкана адал стандарты боюнча иштейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында маалым болду.

Депутаттар жаныбарлардын идентификациясын жөнгө сала турган мыйзамга түзөтүү киргизүү тууралуу талкуулап жатышат. Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрүнүн айтымында, болгону 3 касапкана адал деп таанылды.

Эл өкүлдөрү билдиришкендей, республикада касапканалар санитардык талапка жооп бербеген шартта иштеп жатат.

Кыргызстанда расмий түрдө 97 касапкана бар, анын болгону 7өө гана эл аралык талаптарга жооп берет.

Эң көп окулган жаңылыктар