14:42
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Насыр Давлесовдун 90 жылдыгына карата илимий-практикалык жыйын өтөт

Бүгүн Бишкекте Кыргыз ССРинин эл артисти, композитор Насыр Давлесовдун 90 жылдыгына карата илимий-практикалык жыйын өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара саат 10.00дө Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинде болот.
 

Насыр Давлесов бир топ жыл Карамолдо Орозов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин башкы дирижеру болуп эмгектенген. Композитор 200 ырга авторлук кылган.




Эң көп окулган жаңылыктар