Республикада «Жеңиш эстеликтерин сактап калабыз-Кыргызстан!» аттуу акция башталды. Иш-чараны Билим берүү жана илим министрлиги менен «Биздин Жеңиш» издөө кыймылы уюштурууда.
Маалыматка ылайык, акциянын максаты- эстеликтердин абалын текшерип чыгуу, алдыда боло турган ремонтту баалоо үчүн сүрөткө ар кыл ракурстан тартуу.
Уюштуруучулардын айтымында, сүрөттөрдүн маалымат банкын түзүү пландалууда. Акцияга катышууну каалаган окуучулар, студенттер, активисттер, коомдук уюмдар жана көңүлкош карабаган жарандар чакырылат. Эстеликтин абалын сүрөткө тартып, кийинки көмүлө турган жайды аныктоо үчүн Улуу Ата Мекендик согушта каза болгон жарандын аты-жөнүн жазып алуу керек. Эстелик кайда, кандай абалда турганын айтып берүү зарыл.
Акция 10-майга чейин уланат. Сурап билүү телефондору: 0555923603 жана 0551880848.

