16:18
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Бишкекте фонтандын сезону ачылды

Бишкекте фонтандын сезону ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, «Тазалыктын» кызматкерлери 1-майда фонтандык комплексти ишке киргизди. Ишкананын карамагында 16 комплекс бар. Алар ар күнүн саат 10дон кечки саат 7ге чейин иштеп турат. Ал эми Ала-Тоо аянтындагы жана Тарых музейнин алдындагы фонтандар кечки 9га чейин иштейт. 

Фонтандык комплекстерге саат 14:00дөн 16:00гө чейин моторлору жана кыймылдаткычтары күйүп кетпеши үчүн, тыныгуу берилет.

Ала-Тоо аянтында гүлдөрдү отургузуу уланууда. 

Эң көп окулган жаңылыктар