12-майда балдар үйүнүн тарбиялануучуларын колдоо максатында, кайрымдуулук веложарыш өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар 24.kg агенттигине билдиришти.
Маалыматка караганда, иш-чара 8-май- Бүткүл дүйнөлүк Кызыл Крест жана Кызыл Жарым ай күнүнө карата уюштурулууда.
Саат 10до башталган иш-чаранын жүрүшүндө веломарафон уюштурулуп, андан келип түшкөн каражат балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн Токмоктогу социалдык борборуна берилет. Жарыштын катышуучулары Түштүк Дарбаза эс алуу жайынан баштап эски аянтка чейин велосипед тээп келишет.