Чүйдө сууга чөгүп кеткен беш жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ маалымдайт.
Бала Бирлик жана Гроздь айылдарынын ортосунан табылган. Ал сууга түшкөн жеринен 12 чакырым агып
кеткен.Кырсык 11-апрель күнү саат 18:25 чамасында Ат-Башы каналында болгон. Беш жашар Барсбек ойноп жүрүп, сууга түшүп кеткен.
Издөө иштерине көмөк көрсөтүү максатында Казахстандын Өзгөчө кырдаалдар департаментинен 4 суучул тартылган.