80 килограммдан ашык баңги заттарды жок кылынды. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.
Алардын билдирүүсүндө, 14 кылмыш ишинин далили катары алынган, жалпы салмагы 81 кг түзгөн баңги заттарын жок кылынды. 48 кг героин, 33 кг гашиш «Бишкекжылуулукэнерго» комуналдык ишканасынын от казанына жагуу жолдору менен жок кылынды.