Ош шаарында UFC версиясы боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шавченкого жоолук салышты.
Валентина Шевченко бүгүн Ош шаарына учуп келди. Аны аэропорттон калаа мэри Таалайбек Сарбагышов жана өкмөттүн өкүлү Узарбек Жылкыбаев тосуп алды.
Валентика Шевченкого оймо чапан кийгизип жоолук салышты.
Белгилей кетсек, UFC версиясы боюнча дүйнө чемпиону кечээ Бишкек шаарындагы күйөрмандары менен жолуккан. Анда ага спорт комитети чепкен менен калпак кийгизген. Коомчулук кызга калпак кийгизүүнү сынга алган.
Валентика Шевченко акыркы жолу Кыргызстанга 2011-жылы келген.

