10:25
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

Сооронбай Жээнбеков Апрель революциясынын катышуучулары менен кезикти

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн коомдук уюмдардын 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясына катышкан өкүлдөрү, жабыр тарткандардын жана курман болгондордун туугандары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Мамлекет башчысы 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясы элдин эркиндикке умтулуусун жана үй-бүлөлүк башкарууга каршы күрөшүүдөгү майтарылбас эркин, өлкөнүн жаркын келечеги үчүн өмүрүн курмандыкка чалууга даяр экенин көрсөткөн тарыхый окуя экенин белгиледи.

«Кайгылуу окуялардын учурунда курман болгондордун ысымдарын жана жаркын элестерин түбөлүккө калтыруу максатында 2020-жылы «Элдик Апрель революциясынын 10 жылдык мааракесин өткөрүү жөнүндө» тийиштүү Жарлык даярдалууда. Уюштуруу комитети түзүлүп, даярдык иштери башталат», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Жолугушуунун катышуучулары Апрель революциясынын 10 жылдык мааракесин улуттук деңгээлде өткөрүү боюнча Жарлыктын концепциясын колдошуп, өз сунуштарын жана пикирлерин айтышты жана аны ишке ашырууда бардык жардамдарын бере турганын белгилешти.



Эң көп окулган жаңылыктар