16:42
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Телефон уурдаган жаранга 5 күндүк коомдук иштерди аткаруу жазасы берилди

Телефон уурдаган жаранга 5 күндүк коомдук иштерди аткаруу жазасы берилди. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү ушул жылдын 6-январында болжол Ош базарынан М.Ж. аттуу жарандын 9 миң 300 сомдук «Редми-6» үлгүсүндөгү телефонун уурдап алган. Окуя ошол жердеги видеокамерага түшүп калган.

Бишкектин Ленин райондук соту 7-мартта Б.Т.Т. аттуу жарандын ишин караган. Соттук отурумда айыпталуучу күнөөсүн моюнуна алып, өкүнүп жатканын айтты. Сот айыпталуучуну бул жорук боюнча күнөөлүү деп табып, Жоруктар кодексинин 90-беренесине ылайык, ага 60 саат коомдук иштерди аткаруу жазасын берди.

Эң көп окулган жаңылыктар