12:24
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Өкмөт: Вице-премьер-министрдин Тажикстандын атайын кызматы менен байланышы жок

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун Тажикстандын атайын кызматы менен байланышы жок. Бул тууралуу өкмөт билдирди.

Өкмөт Жеңиш Разаковдун тажик чалгындоосуна тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат жалган болуп саналарын жана тек гана чагымчыл мүнөзгө ээ экендигин айтат.

«Жеңиш Разаков ички иштер органдарында эмгек ишмердигинин бардык баскычтарын басып өттү, Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы, андан соң бул аймактын жетекчиси болуп иштеген. Жеңиш Разаковдун тажик чалгындоосуна тиешеси бар болушу анын бүтүндөй кызматтык ишмердиги бою байкалбай калмак эмес. Ушуга байланыштуу дагы бир ирет белгилей кетсек, бул сыяктуу маалыматтын эч кандай негизи жок жана коомчулукту адаштырууда», — дейт өкмөт.

Белгилей кетсек, учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети айтылган билдирүү боюнча текшерүү жүргүзүп жатат.

Жеңиш Разаковдун Тажикстандын атайын кызматы менен байланышы боюнча маалыматтар бир нече жыл мурда коңшу өлкөнүн маалымат булактарында пайда болгон. Акыркы кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан кийин ал күч алды. Айрым маалымат каражаттары Жеңиш Разаков Тажикстанда үч күн болгондугу боюнча милицияга жазган түшүнүк катын жарыялоодо.

Эң көп окулган жаңылыктар