07:12
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

КСДП оппозиция. Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы коалицияда кала берет

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы партиянын төрагасы Алмазбек Атамбаевди колдобогондуктан алар көпчүлүк коалицияда кала берет. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Эскерте кетсек, кечээ Кыргызстан социал-демократтар партиясы азыркы бийликке оппозицияга кетерин расмий жарыялаган. Бирок, Жогорку Кеңештеги жана шаардык кеңештердеги фракциялар пикирин билдире элек. Негизи алар дагы көпчүлүк коалициядан чыгып, оппозициялык маанайды колдошу керек.

Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, парламенттик көпчүлүк КСДПнын коалициядан чыгышын талап кылбайт.

«Анткени, фракция партиянын лидерин колдобойт. Фракция лидери дагы президент Сооронбай Жээнбеков тарапта. Төрт депутат гана Алмазбек Атамбаев тарапта», — дейт Шыкмаматов.

Эң көп окулган жаңылыктар