02:24
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Экс-депутат Карганбек Самаков абактан чыкты

Экс-депутат Карганбек Самаков абактан чыкты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын жактоочусу Нурдин Дүйшөнбеков билдирди.

Маалыматка ылайык, мурунку депутат жатак абагына которулду.

«Карганбек Самаков жаза мөөнөтүнүн үчтөн эки бөлүгүн өтөп, УКМКнын көрсөтмөсү менен № 47 жатак абакка которулду. Экс-депутат өлкөнүн аймагынын ичинде каалагандай ишмердүүлүк жүргүзсө болот», -деди жактоочу.

Эске салсак, 2017-жылы 19-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча айыпталган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков 10 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо чечимин кабыл алган.

Эң көп окулган жаңылыктар