2020-жылы Кыргызстанда ири иш-чара — калкты жана турак жайды каттоо жүрөт.
Алгач 2019-жылдын 25-мартында Токмок шаарынын тургундары каттоого алынат. Чүй облусундагы бул шаар пилоттук район катары тандалып алынды. Анын жыйынтыгынын негизинде жалпы республикалык акциянын даярдыгында акыркы жыйынтыктар чыгарылат.
Белгилүү болгондой элди каттоо үчүн 25 миң киши атайын окуудан өтөт. Аларга айлык акы төлөнүп берилет.
Өкмөт үчүн аты жок көчөлөр, мыйзамсыз үйлөр баш оорутуну жаратууда.
Кыргызстанда 29 миң көчө болсо, анын 1 миң 591үнө ысым бериле элек. Алардын көпчүлүгү Бишкек шаарында, андан кийин Ош облусу, Баткен жана Талас турат.
«Бишкек шаарында 6,5 миңдей мыйзамсыз салынган үй бар. Биз аларды каттоону кантип уюштуруу жагын азыр карап жатабыз. Ал үйлөргө техникалык паспорт берүү сунушу парламентте каралып жатат. Үйдө жашаган жарандар паспорт алып, жергиликтүү мектеп жана ооруканага баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек», — дейт Бишкек мэриясынын өкүлү.
Кыргызстандыктар 19 суроого жооп беришет. Айтмакчы каттоо учурунда жооптон баш тартууга болбойт.
Суроолор үй-бүлө, үй-бүлө мүчөлөрү, жашаган жери, киреше булагы тууралуу берилет.
Андан тышкары, миграция боюнча, чет өлкөдөн акчалай которуулар боюнча дагы суроолор киргизилди. Айтмакчы, четте бир, же андан көп жыл жашагандар Кыргызстандын калкынын санына кошулбайт.
Айтмакчы, мигранттар боюнча суроолдор КМШ жана ЕАЭБтин сунушу менен кирди.Бул эл аралык талап. 2009-жылы да ушундай талап коюлган. Бирок, биз анда калктын санына кошконбуз. 100 миңдей киши ошондо четте жүргөн. Бул эл каттоодо алар кошулбайт. Анткени такай өлкөдө жашагандар гана калктын санын түзө алат.
Улуттук статистикалык комитет
«Чет өлкөдө каттоо жүрбөйт. Биз болгону дипломатиялык миссиялардын кызматкерлерин жана алардын үй-бүлөсүн гана каттайбыз», — деди Улуттук стаском.
Эл каттоодо чет элдик жарандар дагы катталат. Алар Кыргызстанга сапарынын максатын айтып беришет.
Белгилей кетсек, эл каттоо ар бир 10 жылда жүргүзүлөт. 2009-жылы Кыргызстандын калкынын саны 6,5 миллион болгон.