04:51
USD 87.00
EUR 91.29
RUB 0.84

Шайлообек Нарбеков мурда соттолгон деген маалыматты четке какты

Социалдык тармактарда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары кызматына мурда соттолгон, классташы Шайлообек Нарбековди үстүбүздөгү жылдын 25-январында дайындагандыгы тууралуу маалыматтар тараган. Аталган инспекциянын басма сөз кызматы буга жооп жазды.

«Биринчиден Мухаммедкалый Абылгазиев Шайлообек Нарбековдин классташы эмес экендигин, Өкмөт башчы 1968-жылкы болсо, өзү 1965-жылы туулгандыгын билдирет жана мектепти Талас облусунда окугандыгын тастыктайт.

Ошондой эле Шайлообек Нарбеков өзүнүн мурда соттолгондугу тууралуу маалыматты четке кагууда. Анын айтымында, бул окуя 2013-жылы Каржы полициясынын коопсуздук кызматын жетектеп турган мезгилде орун алган. Бирок кылмыш иши козголгондугу менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун, Бишкек шаардык сотунун, жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун чечими аркылуу акталган. Ошондой эле ага мамлекет тараптан тийиштүү компенсация төлөнүп берилген. Мындан соң Шайлообек Нарбеков аталган кызматка кайтып келип, 1 жылдан ашуун коопсуздук кызматынын башчысы болуп иштеп, жашы жеткендигине байланыштуу башка кызматка которулуп кеткен», -деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары, Шайлообек Нарбеков анын адамдык абийирине шек келтиргендерди сотко берүүгө даяр экендигин билдирет.

Эң көп окулган жаңылыктар