10:27
USD 69.84
EUR 79.59
RUB 1.05

Айнур Бердикулова: Кыл кыяк жеңил-желпи ырларды, күүлөрдү жактыра бербейт

Бир кездерде «Тумар арт» триосунда кыл кыяк тарткан кыздардын бири Айнур Бердикулова учурда Кыргыз улуттук филармониясында «Камбаркан» этнографиялык ансамблинде эмгектенет. Жолдошу «Сармерден» берүүсүнүн эрке баласы Талант Карагулов экөө 2 кыз, 1 уулду тарбиялап жаткан чагы. Каарманыбыз чыгармачылыктан тышкары Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте кыл кыяк аспабы боюнча мугалимдик кесипти аркалап келет. Ал 24.kg агенттигине кыргыздын уникалдуу аспабынын сырлары менен бөлүштү. 

Айнур Бердикулованын жеке архивинен алынды
Фото Айнур Бердикулованын жеке архивинен алынды

— Кыргызстанда саналуу гана аты таанымал кыл кыякчылар бар. Сиз бул аспапта ойногонду кантип үйрөнүп калдыңыз?

— Туура, негизи бул өнөрдү илгери аталарыбыз гана алып жүрүшкөн экен. Азыркы тапта айымдар кыякты тартып калышты. Бул өнөр улуу өнөргө кирет, буга баары эле аралаша бербейт. Мен кичинекей кезимде эле фольклор жаатына, күүлөргө жакын болчумун. Өз энем борбор калаадагы Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке алып барып, бул чөйрөгө аралаштырган. Эмгекчилдигим менен ушундай деңгээлге жеттим, өтө сейрек кездешкен аспапта ойноп келем. 

Айнур Бердикулованын жеке архивинен алынды
Фото Айнур Бердикулованын жеке архивинен алынды

— Кыл кыякчылардын аздыгы жана анчейин белгилүү эместигине эмне себеп? Бул улуттук аспаптын үнү тойлордо, расмий иш-чараларда жаңырабы? Негизги угармандары кимдер?

— Кыл кыякчылардын саны аз, анткени кыяк аспабы сейрек кездешкен жүгү оор аспап. Анын жүгүн көтөрө алган адамдар аз. Буга чейин жалаң эркектер бул аспапта ойносо, 21-кылымда гана айымдар аралашып, тартып жатабыз.

Илгери аталарыбыз ар кандай ооруларды кыл кыяктын мукам добушу менен дарылачу экен.

Бул аспап жеңил желпи тойлорду, жеңил ыр-күүлөрдү жактыра бербейт. Башка аспаптардан айырмасы ички абалыңды түшүнүп, кандай болсо ошондой жеткирип бере алат.

Кыл кыякты кыргыздын каада-салтын түшүгөн, башынан көп нерсени өткөрүп турмушка бышкан аталар, апалар кунт коюп угушат.

Акыркы кезде аспапка кызыккан жаштардын саны артууда. Айрыкча, жаш кыздар кыл кыякка кызыгышууда, мунун келечеги кең деп ойлом. 

Айнур Бердикулованын жеке архивинен алынды
Фото Айнур Бердикулованын жеке архивинен алынды

— Өнөрүңүздүн аркасы менен кайсы өлкөлөргө барып, кыргыз желегин желбиреттиңиз? Кандай сынактарга катышып, кандай байгелүү орундарга илиндиңиз?

Ушул өнөрдүн ээси болуп калганыма абдан кубанам. Кыл кыяктын аркасы менен көп жерге барып, кыргыздын атын таанытканга салым кошуп келем. Франция, Германия, Индия, АКШ, Кытай, жана башка коңшу өлкөлөргө бардык. Мамлекеттик жана эл аралык деңгээлдеги кароо сынактарга, фестивалдарга катышып бир топ сыйлыктын ээси болдум.

Айнур Бердикулова

— Айрым комузчулар чет жерге барганда сахналаш кесиптештерине сый катары комуз белекке берип же тескерисинче комузду белекке алгандар болот, сиздерде да ушундай көрүнүштөр болобу?

-Жогоруда айткандай, кыл кыяк сейрек кездешкен аспап. Белекке алып көргөн эмесмин, кокус ала турган болсом кубанат элем. 

— Кыргызстанда кыл кыякчылар тобу барбы?

— Ушуга чейин кыякчылар тобу жок болгон, мурда топ түзгөнгө аракет кылышкан экен, бирок кыл кыяк өтө өжөр аспап болгондуктан, (күндүн ысык суугуна да таасир берет) ансамбль түзүү оор. Кийин бир мугалимден таалим алган , бир уядан учкан кыздар, Залина, Бактыгүл жана мен «Тумар арт» трио кыякчыларды түзгөнбүз. Бирок, кыз кишиге чыгармачылык жолду алып жүрүү оор болот экен, анткени үй-бүлөгө көңүл буруш керек, балдарды окутуш керек, мунун баарын бирге алып кетүүгө жетишүү мүмкүн эмес экен. Кыскасы бирөөнүн иши чыгып калат дегендей, үй-бүлөлүк шартка байланыштуу кайра биригүү кыйын болду. 

Айнур Бердикулованын жеке архивинен алынды
Фото Айнур Бердикулованын жеке архивинен алынды

— Жолдошуңуз Талант Карагулов «Сармерден» берүүсүнүн алып баруучусу (эрке бала) катары таанылды. «Сармерденге» шайыр жеңенин ролун сунушташса макул болот белеңиз? Сиздерден кандай үй-бүлөлүк тандем, алып баруучулар чыкмак деп ойлойсуз?

-2012-жылдары режиссёр Сагын Ниязалиева «Сармерденге» алып баруучуларды издеп, шайыр жеңенин ролуна маңдайы жарык, сөзгө чечен кыз-келиндерди караштырып жүргөн экен. Ошол ролду мага туура көрүп сунушташкан.Тилекке каршы, ал кезде мен Индияда болчумун, алып баруучулук буйруган жок. Маркум Гүлзат Батырканова, кийин Гүлбү Орозкул кызы мыкты алып барып жүрүштү. Бирок, ошентсе да бир жолу филармониядан Гүлсүн Мамашева кезигип калып «өзүң эле алып барбайсыңбы, Талант экөөң бир үй-бүлө болгондон кийин кеңешип, чечишип алганга жеңил болот» деген ойлорун айткан. Мен алып баруучулукту аркалаган жокмун, бир үйдөн бир эле чечен жетиштүү го.

Эң көп окулган жаңылыктар