Өкмөт жемкорлукка каршы кеңешти жандантат. Бул тууралуу өкмөттүн сайтында маалымдалат.
Маалыматка караганда, кеңешке айрым мамлекеттик органдардын жетекчилери, жарандык коомдун жана бизнес өкүлдөрү киришет.
«Башкы милдети — коррупцияга каршы күрөш боюнча бүтүн тутумду өркүндөтүү болуп саналат, мында мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун институттарынын жана бизнес коомчулуктун ортосунда активдүү диалог жүргүзүү боюнча түзүлгөн аянтча — коррупция менен күрөш күч-аракеттерин уюштуруу жана бириктирүү боюнча таасирдүү механизмдерди куруу үчүн кызмат өтөйт», — деп айтылат маалыматта.